Ички дүң продукциянын өсүү темпи 2014-жылы 6,9 пайызды түзөт. Бул тууралуу 11-октябрь күнү КСДП фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Таалайбек Таткулов билдирди. 2015-жылы экономиканын ар тараптуу өнүгүүсүнөн улам ички дүң продукциянын деңгээли 6,6 пайыз, 2016-жылы 5,9 пайызды түзөт.
- кызмат көрсөтүү тармагында (2014-жылы - 5,3 пайыз, 2015-жылы - 5,9 пайыз, 2016-жылы 5,8 пайыз)
- курулуш тармагында (2014-жылы - 15,5 пайыз, 2015-жылы - 18,4 пайыз, 2016-жылы - 19,8 пайыз)
- айыл чарба (2014-жылы – 2 пайыз, 2015-жылы - 2,5 пайыз, 2016-жылы- 2,5 пайыз) өнөр жай (2014-жылы- 13,2 пайыз, 2015-жылы - 8,2 пайыз, 2016-жылы — 3,3 пайыз)
Мамлекеттик казынанын кирешеси 2014-жылы 92 миллиард 918,1 миллион сом же 23,2 пайызды түзөт. 2014-жылдагы казынанын долбоорунда 17,9 миллиард сомго каржы таңсыктыгы божомолдонууда.