Бишкекте 11-октябрдан 17-октябрга чейин Эл аралык кыздар күнүнө карата иш-чаралар өтөт. Балдарды коргоо борборунун билдиришинче, флеш-моб, укуктар боюнча тренингдер, гендердик теңсиздик жана репродуктивдүү ден соолук боюнча сабактар, "Кана эмесе, кыздар!", "Менин укуктарым жана мүмкүнчүлүктөрүм" сынактары уюштурулат. Иш-чаранын максаты - дүйнө жүзү боюнча теңсиздикке туш болгон кыздар арасындагы социалдык көйгөйлөрдү коомчулукка алып чыгуу.