Бүгүн, 11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Ильхам Алиевди Азербайжандагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу Ильхам Гейдарович, Азербайжан Республикасындагы президенттик шайлоолордо ишенимдүү жеңишиңиз менен Сизди чын жүрөктөн куттуктайм. Шайлоодо алган колдооңуз азербайжан эли тарабынан Сизге көрсөткөн зор ишенимди билдирет жана өлкө алдындагы Сиздин эмгегиңизге берилген жогорку баа болуп саналат. Сиздин Азербайжандын президенти кызматына кайрадан шайланышыңыз менен мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары бекемделе берет деп терең ишенем. Сизге чың ден соолук, достук, азербайжан элинин жыргалчылыгына жана гүлдөп өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм".