Бажы кызматынын башчысы: "Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салуу туура эмес"
Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып келүүдөн өлкө казынасына 800 миллион сом түшөт. Муну бүгүн, 11-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов айтты. Жунусов оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө чек коюуга азырынча эрте экенин кошумчалады. "Оң рулдуу унаалардын өлкөгө алынып келишинен бюджетке көп акча түшөт, андыктан буга чек коюу туура эмес. Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса, бул маселе өзүнөн-өзү чечилет",- деди ал. Жунусовдун бул оюн депутат Акылбек Султанов да колдоп, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, оң рулдуу автоунааларга чек коё албай турганын айтты.