Кореялыктар Кыргызстанда дары чөптөрдү өстүрүүгө кызыкдар экени айтылды

Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев 10-октябрда Түштүк Кореядан келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда кореялык делегация Кыргызстанда дары чөптөрдү өстүрүп, Кореяга жана башка өлкөлөргө экспорттоого кызыкдар экенин билдиришти. Алар бул максатта алдын ала Ысык-Көл аймагынын жер шартын байкап, чарбаларды көрүп келип, дары чөптөрдү өстүрүү ниетин билдиришкени айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан