Депутаттар Энергетика министрлигин жоюп, ордуна энергохолдинг түзүүнү сунушташты
"Ар-намыс" фракциясынын 11-октябрдагы жыйынында депутат Майрамкүл Тиленчиева Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп, ордуна бир энергохолдинг түзүү сунушун айтты. Депутат учурда энергетика тармагында абал оор экенин кошумчалады. "Бул тармакта бардык көйгөйлөрдү чече ала турган жакшы мыйзам чыгара албайбыз. Бизде свет негизинен кышында өчүп баштайт, өчсө дароо "Түндүк электр" сыяктуу мекемелерге чалып эмне себеп болгонун сурасак, аларга электр энергия жеткирилбегенин, карыздын айынан өчүрүлгөнүн, айтор, ар кандай шылтоону айтышат. Бул тармакта реформа жүргүзбөсөк болбойт",- деди Тиленчиева.