ИИМди реформалоо үчүн 3 миллиард сом керек

Ички иштер министрлигине реформа жүргүзүү үчүн 3 миллиард сом керек. Бул тууралуу 11-октябрдагы "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, 1 миллиард 290 сом же 34 пайыз акча мамлекеттик казынадан бөлүнөт. Калган каражаттар эл аралык донорлордон берилип жатат. "Ички иштер тармагын реформалоо коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукту азайтуу, коррупциялык схемаларды жок кылуу, кадрларды даярдоо багыттарында ишке ашат",- деди Асанов. Айта кетсек, "Ата Мекен" фракциясы бүгүнкү жыйында 2013-2017-ж.ж. Кыргызстандын туруктуу өнүгүү программасына өтүүсүнө байланышкан долбоорду карады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан