Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.
Ал катында абакта отурганына 40 күн болгонун, бул аралыкта бир да жолу суралбаганын жана бир да тергөө иши жүрбөгөнүн билдирген.
"Бүгүн түрмөдө отурганыма 40 күн болду. Дүйнөдөгү башка көчмөн элдер сыяктуу эле кыргыздар үчүн 40 күндүк мезгил терең мааниге жана мазмунга ээ. Бала төрөлгөндө ага кам көрүшөт, көз тийбесин деп эч кимге көрсөтүшпөйт, 40 күндөн кийин гана кыркын чыгарып, бала өз элинин бир бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле адам бул дүйнө менен кош айтышканда, кыргыздар маркумду 40-күнү эскерүүнү уюштурушат. Маркумдун руху жер дүйнөсүн 40-күнү гана таштап кетет деп билишет. Мен да 40 күндүк жыйынтыгымды чыгардым.
2021-жылдын 25-январында эртең менен эшиктин коңгуроосу кагылды. Эшикти ачып жатып, коопсуздук комитеттин кызматкерлерин көрдүм. Көзүмө тик карабай, суракка чакыруу кагазын беришти. УКМКнын 5 кызматкеринин таң атпай келиши жана тез арада суракка чакырышы, менин ошол күнү үйгө кайтып келбей тургандыгымды билдирген.
Ага чейин бир нече жума мурун бийликтин мени камакка алуу чечимин кабыл алгандыгы жана кылмыш ишин козгоого негиз табуу иштери жүрүп жаткандыгын билгем. Кыязы, мага карата негиз табуу иштери кечиктирилген окшойт. Тилекке каршы, ушул 40 күндүн ичинде мен дагы эле суралган жокмун жана менин катышуум менен эч бир тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн жок. Ошондой эле мага жубайым жана балдарым менен жолугушууга тыюу салынган. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан айыптоолор даярдалып жаткан алты ишти жарыялашты", - деген Сегизбаев.
Ошондой эле ал айып коюлган ар бир ишке кыскача токтоло кеткен.