12-октябрда Германияда кыргызстандыктардын жолугушуусу өтөт

12-октябрда Германиянын борбору Берлин шаарында кыргызстандыктардын күзгү жолугушуусу болот. Иш-чараны "Kyrgyz Club-Germany" коомдук уюму КРнын аталган өлкөдөгү элчилигинин колдоосу менен уюштурууда. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы маалымдады. Анда ырчы Каныкей концерт тартуулап, Руслан Акундун "Салам, Нью-Йорк!" тасмасы көрсөтүлөт. Иш-чарага кыргызстандыктар менен кошо чехиялыктар, бельгиялыктар, австриялыктар, италиялыктар жана франциялыктар катышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан