Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулду
Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүнө заманбап үлгүдөгү жаңы жол чырактар орнотулду. Муну шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Орнотуу иши 10-октябрда толук аяктады. Бул жол чырактар шаардын Токтогул-Ленин, Н.Айтматова-Ленин, Эркиндик-Ж.Бакиев, К.Жуматаев-Пушкин, Кыргызстан-Б.Осмонов, Жеңижок-Тарсус көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулду. Жабдуулардын баасы 5 миллион 200 миң сом экени айтылды. Муну алууга жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, жетпегенине бир катар эл аралык уюмдар жардам берген.