Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери бир күндүк маянасын шаардагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна которушту. Бул демилгени 5-октябрда көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземинде жергиликтүү жашоочулар сунуштаган эле. Мэриянын экономика, каржы жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, атайын ачылган банктык эсепке учурда акчалар келип түшүүдө жана топтолгон акча тууралуу шаардыктарга маалымат берилип турат.