Бүгүн, 11-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө шаардагы маршруттук каттамдардагы жол акыны көтөрүү маселеси каралды. Жыйынтыгында коомдук унааларда жүрүү баалары 2 сомго кымбаттады. Троллейбустарда жүрүү 6 сом, автобустарда 8 сом, кичи автобустарда жүрүү баасы 10 сом болду.
Эске салсак, бул маселе 7-октябрда Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлери менен айдоочулардын жолугушуусунда көтөрүлгөн болчу.