Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда билим берүү
жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды. Жолугушууда Садыков Билим берүү
жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар
2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын
алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Анда билим берүү системинин
максаты "атаандашууга
жөндөмдүүлүктү жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууга, ошондой эле адам
капиталынын наркын жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүү" деп аныкталган. Президент
Алмазбек Атамбаев сапатын жогорулатууга багытталган билим берүү секторун
реформалоону улантуунун маанисин баса белгиледи. Экономиканы квалификациялуу кадрлар
менен камсыз кылуу өлкөнү туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн зарыл
шарты экендигин кошумчалады.