Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Бишкек мэриясы мыйзам бузуулар жөнүндө кайда кабарлоо керектигин айтты

Муниципалитеттин кызматкерлерине, райондук администрациялардын башчыларына, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөргө жана мэриянын ишкердик субъекттерине Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого жана үгүт иштерине кийлигишүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана шайлоого административдик ресурстардын колдонулушун жокко чыгаруу үчүн өлкөнүн мыйзамдарында каралган.

Мэрия мыйзам бузуу фактыларын 0554182185 WhatsApp байланыш номерине же БШКнын ишеним телефону 1255, 0312660240 билдирип коюуну өтүнөт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 аймакта өтөт. Шайлоого Бишкек шаарынан 26 саясий партия катышат. Борбор калаанын төрт районунда райондук штаб жана 228 шайлоо участкалары түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан