Садыр Жапаров референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам 2021-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.

Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзам долбоору референдумга чыгарылат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан