Акыйкатчы Бакыт Аманбаев 300дөй коомдук жардамчысынын кызматтык күбөлүктөрүн жокко чыгарды

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев 10-октябрда өзү акыйкатчы болуп шайлангыча берилген коомдук кеңешчилеринин, жардамчыларынын жана ыктыярчылардын кызматтык күбөлүктөрүн жараксыз деп табуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады. Кээ бир адамдар күбөлүктү өз кызыкчылыктары үчүн кыянаттык менен пайдаланып, Акыйкатчы институтунун кадыр-баркына шек келтирип келген. Буйруктун көчүрмөсү анда көрсөтүлгөн адамдарды жабык мекемелерге киргизбөө үчүн тиешелүү органдарга, ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жиберилет. Ал эми мындай күбөлүктөр республиканын аймактарындагы, чет мамлекеттерде жүргөн 300дөй адамга берилген экен. Аманбаев А.Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна экс-акыйкатчы Т.Акундун коомдук жардамчыларынын бири кийлигишкенин билдирди. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан