Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ Айбек Осмоновго Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Ал парламентке оорудан улам 28-февралда каза болгон «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун ордуна келди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Айбек Осмонов парламенттик шайлоого алгач «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанып, кийинчерээк «Ыйман Нуру» партиясы менен шайлоого бара турган болгон.