Кыргызстанда 3 миңден ашуун фармацевттик уюм бар

Кыргызстанда 3147 фармацевттик уюм катталган. Бул тууралуу 11-октябрда Бишкекте өткөн "Дары-дармектердин эффективдүүлүгү жана коопсуздугу: көйгөйлөрү жана чечүү жолдору" аттуу тегерек столдо Дары менен камсыз кылуу департаментинин директору Рустам Курманов билдирди. Анын айтымында, уюмдардын 43 пайызын дарыкана пункттары, дарыканалар 31 пайызын, дары-дармек саткан күркөлөр 8 пайызын, сактоочу жайлар 8 пайызын, оптикалык дүкөндөр 2 пайызын, медицинада керектөөчү каражаттардын кампалары 4 пайызын түзөт. Айылдарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча Чүй облусунда 237 дарыкана ачылып, алдынкы орунда турат. Ошто 233, Жалал-Абадда 197, Ысык-Көлдө 103, Нарында 118, Таласта 75 жана Баткен облусунда 46 дарыкана бар.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан