Өкмөт башчы түштүк жергесиндеги иш сапарында кайсы объекттерге барды?

Өкмөт башчы Улукбек Марипов түштүк жергесине иш сапары менен барды. Ал иш сапар алкагында премьер-министр кайсы объекттерге барды.

Улукбек Марипов "Ассанабил" эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан Жалал-Абад шаарындагы "Бахрейн" социалдык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Андан кийин ал Жалал-Абад шаарындагы психологиялык-неврологиялык жатак үйүнө барды.

Өкмөт башчы Сузак районундагы бир нече айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Ал Араван районунун акимине сөгүш жарыялаганга дагы жетишти.

Улукбек Марипов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылындагы “Таширов" үрөн чарбасына дагы барды. Ошону менен катар эле Тельман айылындагы "Келечек" балдар үйүнөн кабар алды.

Премьер-министр Ош шаарынын курамына кирген Кеңеш айылындагы билим берүү борборунун курулушуна капсула салууга катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан