Референдум өткөрүүгө 55 миллиондон ашуун каражат сарпталат

Жаңы Конституциянын долбоору боюнча өтө турган референдумга 55 миллион 600 миң сом бөлүнө турган болду. Бул чечим кечээ, 14-мартта БШКнын жыйынында кабыл алынганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул сумма кечээ өткөн жыйында бекиди", - деди Бекматов.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи жана үчүнчү окууда референдумду 11-апрелде өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун колдогон. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан