Самаркандек айылынын тургундары менен Камчыбек Ташиев жолугушту (сүрөт)

Бүгүн, 15-мартта Баткен облусундагы Самаркандек айылынын жергиликтүү тургундары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарындагы жашоочулары тууралуу маанилүү маселелер талкууланды. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бардыгына кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.

Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып кетти.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын баса белгиледи. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан