Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча бир жарым айда 30 миңдей кол топтолду

Мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча бир жарым айда 30 миңдей кол топтолду. Бул тууралуу жарандык активист Чыңгыз Капаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүнкү күндө 30 миңге чукул кол топтолду, биздин максат 300 миң кол топтоо. Жер-жерлерде кол топтоо уланып жатат", - деп билдирди Чынгыз Капаров.

Буга чейин Чыңгыз Капаров экс-президенттерди макамынан ажыратуу боюнча кол топтоо иштери башталганын, анда 20 миң кол топтолгонун жана ага Роза Отунбаеванын 2010-жылы шайлоого катышпаганы, Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткени себеп болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан