17-мартта Талас облусунда "Жер Үй" кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.
Алтын чыгаруучу фабриканын кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында тазаланат.
Улуттук банк алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка ээ болот.