Мирлан Жээнчороев Бабанов негиздеген "Республика" партиясынан чыгып кеткени айтылууда
SUPER.KG порталынын өздүк булагы Мирлан Жээнчороев "Республика" партиясынан чыгып кеткени тууралуу билдирди.
Маалыматка ылайык, Жээнчороев партиянын лидерлигин тапшырып берди. Эми депутат башка партия менен парламенттик шайлоого аттанышы мүмкүн.
Аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Ал эми анын партиялаштары маалыматты төгүндөп, маалымат таратыла турганын билдиришти. Бирок дале маалымат таратыла элек.
Эске салсак, Жээнчороев "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал 2019-жылы "Республика" партиясынын лидери болуп шайланган.
"Жер Үйдөгү" фабриканын ачылышына Путин онлайн катышат
Президент Садыр Жапаров 17-мартта "Жер Үй" алтын кенине бара турганын SUPER.KG порталы өздүк булактарына таянып жазып чыккан.
Президенттик аппарат "Жер Үйдөгү" комбинаттын ачылышы Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катыша турганы боюнча расмий билдирүү таратты.
17-мартта "Жер Үй" кенинде алтын иштеткен фабриканын ачылышынын өтүүсү күтүлүүдө.
"Жер Үй" алтын кени Талас районунун Бекмолдо айылында жайгашкан. Садыр Жапаров мындан тышкары Таластын дагы кайсы жерлерине барары азырынча белгисиз.
Эске салсак, Садыр Жапаров 24-25-февралда алгачкы иш сапары менен Орусияга барган.
Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча кол топтолду
Мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча бир жарым айда 30 миңдей кол топтолду. Бул тууралуу жарандык активист Чыңгыз Капаров SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүнкү күндө 30 миңге чукул кол топтолду, биздин максат 300 миң кол топтоо. Жер-жерлерде кол топтоо уланып жатат", - деп билдирди Чыңгыз Капаров.
Буга чейин Чыңгыз Капаров экс-президенттерди макамынан ажыратуу боюнча кол топтоо иштери башталганын, анда 20 миң кол топтолгонун жана ага Роза Отунбаеванын 2010-жылы шайлоого катышпаганы, Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткени себеп болгонун айткан.
Бишкек шаардык кеңешине аттанган партиялардын бюллетендеги номурлары аныкталды
Бүгүн, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өттү. Бишкек шаардык кеңешине шайлоого карата партиялардын бюллетендеги номурлары аныкталды.