Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" боюнча БУУга арызданат

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев БУУнун Парламенттик ассамблеясында "Кумтөр" боюнча баяндама жасайт. Анда депутат "Кумтөр" боюнча адилеттүүлүк болбой, маселе кыргыздардын кызыкчылыгы үчүн калыс чечилбей жатышына эл нааразы экенин айтат. Муну Өмүрбек Текебаев бүгүн, 11-октябрда билдирди. "Депутаттар кийинки аптада аймактарда шайлоочулар менен жолугушат. А мен БУУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышууга барам. Өзүмдүн докладымда сөзсүз түрдө "Кумтөр" долбоору боюнча, глобалдык адилетсиздик жана Кыргызстандагы терроризмдин булагы жаатында маселе көтөрөм. "Кумтөр" үчүн жарандар митингге, нааразычылык акцияларына чыгышууда. Бул маселе коомдогу кырдаалды солкулдатат",- деди Текебаев.   

Айта кетсек, "Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшү 67 пайыз болушу керек, андай болбосо келишимди денонсациялоо зарыл деген позицияны колдоодо. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан