SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу саясатчы Жеңиш Молдокматов болду.
Анда ага үй-бүлөсү, жубайы, балдары жөнүндө суроо узатылды. Молдокматов бул темага көп кайрылбай турганын айтып, буларга токтолду.
"Үй-бүлөм боюнча көп жерде айтпайм. Үй-бүлө, динге болгон ишеним адамдын жан дүйнөсүндө сыр болушу керек. Мен бирөөгө ашыкча ишенгенге же көпчүлүккө үй-бүлөсү тууралуу айтканга каршымын. Бул сыр болуш керек. Эки балам бар. Кызым 5-класста окуса, уулум 1 жашка толду. Келинчегим бала менен үйдө. Мен бактылуумун, жакындарым жанымда. Азыркы заманда балага билим бериш керек", - деп билдирди Молдокматов.