Президент Садыр Жапаров Кыргыз жарандыгын алуу жана жарандыктан чыгуу боюнча 11 жарлыкка кол койду.
Анын ичинен 7 жарлык 2 миң 410 адамды (1 миң 802си чоңдор, 608и бала) Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар (Кыргыз Республикасынын мурунку жарандары, Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеге тургандар).
Ал эми 4 жарлык 982 адамды (780 чоңдор, 202си бала) Кыргыз жарандыгынан чыгаруу жөнүндө деп билдиришти президенттик аппараттын маалымат кызматынан.