Кыргыз-Өзбек кызматташтыгы: Тараптар контрабанда жана бажыдагы мыйзам бузууларга каршы чогуу кызматташат

Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстан контрабандага жана бажыдагы мыйзамдардын бузулушуна каршы чогуу күрөшөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлайт.

Аталган документке президент Садыр Жапаровдун 11-12-мартындагы Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Белгилүү болгондой, документке эки өлкөнүн өкмөтү ортосундагы 2000-жылдын 27-сентябрындагы бажы тармагындагы кызматташуу тууралуу келишимди натыйжалуу ишке ашыруу, тараптардын контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөшүүдөгү кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кол коюлган.

Контрабанда, ошондой эле бажы иши тармагындагы укук бузуулар эки өлкөнүн экономикалык, соода, финансы, социалдык жана маданий кызыкчылыктарына зыян келтирет. Буга байланыштуу тараптар мамлекеттердин өз мыйзамдарына ылайык, контрабанданын жана бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, ачыкка чыгаруу, ага тыюу салуу жана аны иликтөө максатында эң ириде, куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү жаатында кызматташат.

Мындан тышкары, аталган келишимдин алкагында тараптар контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөшүү жаатындагы учурдагы жана токтоосуз милдеттерди ыкчам чечүү, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн байланыштагы жактарды аныктоо менен биргелешкен жумушчу топту түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан