"Алтын казылып баштагандан кийин Талас облусуна жыл сайын миллиондогон сом которулуп турат" дейт Садыр Жапаров

Садыр Жапаров Жер-Үй долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн жана Талас облусунун экономикасынын өсүшүнө оң таасир берерин өзгөчө белгиледи. Бул тууралуу ал Таластагы алтын комбинатын ишке киргизүү аземинде айтты.

"Жер-Үй алтын кенинде алтын казылып баштагандан кийин жылына Талас облусун өнүктүрүүгө миллиондогон сом которулуп берилип турат.

Ал эми миллиарддаган сом мамлекеттик бюджеттин казынасына түшүп турат. Демек, бул бюджеттин көлөмү бир кыйла өсөт дегенди билдирет".

Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетинин, кыргыздардын улуттук өзөгү, улуттук тамыры көптөгөн улуттар ынтымакта жашап, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн биргелешип эмгектенип келген касиеттүү Таластан башталарын айтты. "Талас - бүгүн да элибиздин ыйык жери, рухий ордосу", - деди президент.

Бүгүн, 17-мартта Талас облусундагы Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземи болуп, ага президент, Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан