Кол чабышып... Таластагы ишке киргизилген алтын кениндеги сүрөттөр

Бүгүн, 17-мартта Талас облусунда Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин катышты.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло аларын белгиледи.

Ошондой эле ал эки маанилүү учурга - ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары күчөтүү жана кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде Владимир Путин Таластагы алтын кен комбинатынын иштеп башташы Кыргыз-Орус экономикалык кызматташтыгын жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк, союздаштык мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, бул боюнча Садыр Жапаровдун сөзүнө толук кошуларын айтты.

Анын айтымында, орусиялык инвесторлор атайын фондду негиздөө менен Талас облусунун социалдык өнүгүүсүнө каржылык жардам көрсөтүүнү максат кылышкан. Каражаттар социалдык долбоорлорду жана бизнести жеңилдетилген насыялоону колдоого жумшалат. Ошону менен ал Талас облусуна жана бүтүндөй мамлекетке олуттуу пайда алып келип, Кыргыз өлкөсүнүн бюджетине жылына 70 миллион долларга жакын каражат түшөрүн кошумчалады.

Орусиянын президенти бул маанилүү долбоорду ишке ашыруу көп кырдуу өз ара пайдалуу кыргыз-орус өнөктөштүгүнүн жана эки элдин ортосундагы бекем достуктун символу болуп каларын, бул Садыр Жапаровдун жакында Москвага болгон иш сапары учурунда жетишилген келишимдердин табиятына толугу менен дал келерин белгиледи.

Ошондой эле иш-чарада "Группа Альянстын" президенти Муса Бажаев жана "ВТБ банк" башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин дагы сөз алышты. Андан кийин эки өлкөнүн президенттери алтын комбинатын ишке киргизүүгө старт беришти.

Кенди иштетүүдөн өлкөнүн бюджетине түшчү жылдык пландаштырылган төлөмдөр болжол менен 4 миллиард сомду түзөрү белгиленди.

Алтын чыгаруучу фабриканын иштөө кубаттуулугу жылына 1 миллион 300 тонна руданы түзөт. Бардык казып алынган руда бул фабрикада кайра иштетилип, андан кийин өлкөнүн аймагында тазаланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот. Мындан сырткары Садыр Жапаровго үч этап боюнча жалпы белгиленген убакыт ичинде долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзөрү маалымдалды.

Компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүдө дүйнөлүк стандартка туура келген коопсуз технологиялар колдонуларын, андыктан Жер-Үй долбоору экологиялык жактан таза экендигин маалымдашты.

Аксакалдар менен баарлашууда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жетекчилиги ата мекендик экономиканы өнүктүрүү боюнча иштер жасалып жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле митингге чыккандар менен жолугушуп, аларды сабырдуулукка жана кырдаалды туура түшүнүүгө чакырганын, өлкөгө инвестиция тартуунун жана бардык экологиялык талаптарды сактоонун маанисин айтып берди.

Аймактын аксакалдары эл Садыр Жапаровго чоң үмүт артып жаткандыгын баса белгилешип, Жер-Үй долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн өнүгүшүнө чоң пайда алып келсин деген тилектерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан