Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду иш бөлмөсүнөн чыгарып салышты. Акундун билдиришинче, ал Саруу айылында 2 күндүк иш сапары менен жүргөн учурда иш бөлмөсүн бошотуп, анан оңдоо иштери башталыптыр. "Бакыт Аманбаев (жаңы шайланган акыйкатчы) менин бийликке койгон талаптарым аткарылмайынча иш бөлмөмдө отурушума уруксат берген. Бирок ал сөзүнө турган жок",- деди Акун. Айта кетсек, Турсунбек Акун иш сапарынан кайтып келсе, анын иш бөлмөсүндөгү жүктөрүн жыйыштырып сыртка чыгарып коюшуптур.
Ал эми акыйкатчы Бакыт Аманбаев мурдагы акыйкатчыны бөлмөсүнөн чыгарууга буйрук берүүгө мажбур болгонун айтты. Аманбаев мыйзам боюнча да, адамгерчилик боюнча да туура кылганын билдирди.
"Мени 120 депутат шайлады, а мен толук кандуу иштей албай жатам. Анткени менин кызматтык телефонум Турсунбек Акун отурган бөлмөдө. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да мага кире албай жатышат. Мен кол алдымдагы кызматкерлерге иштеш үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттүүмүн",- деди акыйкатчы.