Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына Азиз Аалиев дайындалды.
Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү чечимге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Азиз Аалиев 2019-жылы июль айынан баштап Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкаруучуларынын мүчөсү болуп келген. Буга чейин өкмөттүн каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы, Экономика министрлигинде статс-катчы болуп иштеген.
2020-жылы Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп турганда Азиз Аалиев фонддун төрагалык кызматын аркалаган.
Буга чейин Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мамытов ээлеген кызматынан бошотулган.