Бүгүн өкмөт башчы Улукбек Марипов "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасындагы көчмө жыйынга катышты.
Иш-чарада "Бишкексууканал" ишканасынын башчысы Мурадин Сейдалиевдин өкмөт башчынын тапшырмасын өз убагында аткарбагандыгы Улукбек Мариповдун нааразычылыгын жаратты.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Мурадин Сейдалиев жооп берүүгө аракет кылганда анын оозунан сагызды байкаган Улукбек Марипов: "Сураныч, оозуңуздагы сагызды алып коюңуз!" деген.