Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканы байкалганы айтылды. Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, медициналык мекемелерди профилдештирүү боюнча иштер күчөтүлөрү белгиленди.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү массалык иш-чараларды өткөрүүдө чектөөлөрдү сактоо, коомдук жайларда жана эл көп топтолгон жерлерде бет кап тагынуу режимин күчөтүү, жарандар тарабынан социалдык аралыкты сактоо зарылдыгы жөнүндө айтышты.
"Жарандар ден соолугунун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, социалдык аралыкты сактап, бет кап кийип, башка санитардык нормаларды сакташы керек", - деди министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Артём Новиков өлкөнүн бардык деңгээлдеги медициналык мекемелери COVID-19 менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө толук даяр болушу керектигин баса белгиледи.
"Акыркы аптада өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал өзгөрдү. Ар бир региондогу, айыл өкмөттөрдөгү саламаттыкты сактоо тутумдары калктын ден соолугунун абалын, коронавирус инфекциясынын жайылышын мүмкүн болушунча көзөмөлдөп турушу керек. Эгерде эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, анда кошумча коргоо чараларын киргизүү маселелери каралат. Саламаттыкты сактоо мекемелери ооруканаларда дары-дармектердин болушун көзөмөлдөө үчүн тийиштүү график түзүшү керек", - деди ал.
Жыйындын соңунда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына бир катар тапшырмалар берилди.