"Нооруз майрамы - өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин!". Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун куттуктоосу

Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 21-март Нооруз майрамы менен жалпы журтту куттуктады.
"Урматтуу мекендештер! Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды күн менен түн теңелген учурга туш келген Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Нооруз майрамы менен жаратылыш жаңырып, жаратмандык сезими күч алат. Ар-бирибиз кыштын аякташын чыдамсыздык менен күтүп, күн нурлары мээримин төгүп, жаратылыш көркүнө чыккан мезгилди кубаныч менен тосуп алабыз.
Алдыда бизди өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын бакубаттуулугун арттырууга багытталган маанилүү экономикалык өзгөрүүлөр күтүп турат. Жалпы күч-аракетибиздин натыйжасында алдыга коюлган бардык максаттарга жетебиз деп ишенем!
Нооруз майрамы ар бир үйгө кут-береке, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин! Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!", - деп айтылат өкмөт башчынын куттуктоосунда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан