Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жалпы кыргызстандыктарды жана мусулман мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
"Сиздерди Меккеге болгон ажылык зыяраттын аякташы жана ыйык Курман айт майрамынын башталышы менен чын ыкласымдан куттуктайм! Курман айт исламдагы эң улуу мааракелердин бири катары мусулмандардын руханий биримдигин символдоштуруп турат. Бул касиеттүү майрам адамдарды кайрымдуулукка тарбиялап, соопчулук иштерге үндөйт. Учурдан пайдаланып, урматтуу мекендештер, мына ушул майрам күндөрү баарыңыздарды кең пейил, кечиримдүү болууга жана бей-бечаралар менен жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүүгө чакырам. Курман айт биздин түбөлүктүү жалпы адамзаттык асылдыктарга болгон ишеничибизди бекемдеп, көптөгөн жакшылыктарга түрткү берери кадиксиз. Бүгүнкү куттуу Курман айт майрамында бардык мусулмандарга жана башка конфессиялардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Кыргызстандын бүткүл калайык-калкына ден соолук, ыймандуулук жана бактылуу, бакубат жашоо каалайм! Ылайым Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, ынтымакчылык жана бейпилчилик болсун!"