Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ташкент шаарына барды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот.

"Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны 24-марттан 25-мартка чейин Ташкент шаарында өтөт. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы чек ара маселеси жакынкы аралыкта чечиле тургандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан