Зарлык Тургунбеков Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды
Кара-Суу шаардык кеңешиндеги шайлоонун жыйынтыгы менен Кара-Суу шаарынын мэри болуп Зарлык Тургунбеков шайланды. Муну Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. З.Тургунбеков КСДП фракциясынын өкүлү. Шайлоого шаардык кеңештеги 31 депутаттын 30у катышканы айтылды.