Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште жаңы депутат Айбек Осмонов ант берди. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ийгиликтерди каалады.
Ал "Бир Бол" фракциясына депутат болуп келди. Айбек Осмонов маркум Алмазбек Акматовдун ордуна депутат болду.
Айбек Осмонов парламенттик шайлоого алгач "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен аттанып, кийинчерээк "Ыйман Нуру" партиясы менен шайлоого бара турган болгон.