"Өкмөт башчы акимдерди таштанды чыгарбайсың" деп зекип жатат". Депутат өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады

Депутат Акыл Кемилов өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өкмөттүк саат өткөрөлү деп сунуш берейин дедим эле. Эл бизден сурап жатат. Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап кетти. Өкмөткө кайрылып жооп алайын десем, өкмөт укмуш иштеп жатыптыр. Өкмөт башчы акимдерди таштанды чыгарбайсың деп зекип жатат. Бүгүн таштанды тууралуу айта турган учурбу?" - деди ал.

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Араван районуна да барып калктын турмушу менен таанышкан. Андан кийин жергиликтүү жашоочу өкмөт башчыга таштанды маселесин айтып, жергиликтүү бийлик буга көңүл бурбай жаткандыгын айткан. Улукбек Марипов бул көйгөйгө жеке өзү ынанып, иш-аракетсиздиги үчүн район акимине сөгүш жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан