Осмонбек Артыкбаев: "Энергетикадагы оңдоо иштерине 20 миллион доллар табууга мажбурбуз"

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 14-октябрда энергетика тармагындагы оңдоо иштери тууралуу пикирин айтты. "Биз 20 миллион доллар каражатты издөөгө мажбурбуз",- деди ал. Бул тармактагы тетиктердин эскилиги жеткенин, оңдоого каражат жетпей жаткандыгын белгиледи министр. Кирешеден түшкөн 10,5 миллиард сом энергетика тармагынын 16,5 миллиард сомдук чыгашасын жаппайт: "Биз авариялардын санын азайтуу үчүн жумуштарды кыскартып жатабыз. Жетишпеген каржаттарды 8,5 пайыз насыянын эсебинен жабуудабыз. Бишкек боюнча быйыл 50 чакырым чубалгы алмаштырылат. Мындан сырткары атайын эсептегичтер орнотулат. Коммерциялык колдонуучулар менен калкка энергия бирдей баада сатылгандыктан өлкө боюнча оңдоого каражат жетпей жатат",- деди Осмонбек Артыкбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан