Депутат Маматалиев "Коопсуз шаардын" айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүүнү сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев "Коопсуз шаардын" айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Экономикалык абал оор, эл кыйналып жатат. Биз "Коопсуз шаар" долбоору менен эреже сактоо тартибин орноттук. Убакыт, учур келди, айып пулдардын көлөмүн азайталы. Эгерде өкмөт макул болсо, мыйзамга өзгөртүү киргизели. Мас болуп унаа айдагандардын эмес, кызыл жол чыгарынан өтүп кеткендерге эмес, башка категориядагылар боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну айтып жатам", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан