Улукбек Марипов Өзбекстанга жумушчу сапары менен барды

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен барды. Бул туурасында бүгүн, 25-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жумушчу сапардын алкагында өкмөт башчы Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.

Мындан тышкары премьер-министр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан