Депутат Сулайманов партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады

Депутат Алтынбек Сулайманов партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасап жатып билдирди.

"2020-жылы 5-6-октябрь күндөрү элибиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп толкундоо болгон. Ошонун жыйынтыгында толкундоонун аягы эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз. Партиялык тизме жабык болуп, белгилүү бир талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок болгонунан ушундай окуялар орун алган. Бул долбоордун максаты - партиялык жабык тизмеден ачык тизмеге өтүү. Шайлоочу партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүгү болот", - деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан