Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук-археологиялык музей комплексинде залкар комузчу Болуш Мадазимов боюнча көргөзмө бурчу уюштурулууда. Музейге комузчунун сүрөттөрү, алган сыйлыктары коюлат. Кээ бир эскилиги жеткен сүрөттөрдү реконструкциялап, кайра иштелип чыкканы белгилүү болду. Эске сала кетсек, көргөзмө Болуш Мадазимовдун 85 жылдыгына карата Ош улуттук драма театрында да уюштурулду. Бул тууралуу аталган музейдин кызматкери Хайрулло Убайдуллаев билдирди.