Өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесининин жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт.
Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иш-чараларынын планына ылайык, атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп берет.
Планга ылайык, эртең саат 11:00дө Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» тилкеси боюнча жолугушуу өтөт.
Андан кийин 17:00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт.
Ал эми 31-мартта 14:00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 25-мартында эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык протоколго кол коюлган. Ага ылайык, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер жер алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.