Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №5, №14 троллейбустары мурунку режимде иштеп баштады

Бишкектеги №5, №14 троллейбустары мурунку режимде иштеп баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 30-мартта №5 жана №14 троллейбустары мурунку режимде ишин улантып баштады.
"Кечээ Шота Руставели көчөсү менен Жал кичи районундагы бөлүмдөгү подстанцияда кырсык болгондугуна байланыштуу тармактын ашыкча чыңалуу коркунучу жаралгандыктан, троллейбустардын каттамында убактылуу өзгөрүүлөр болгон. Ал эми бүгүн подстанцияда кырсык калыбына келтирилип, №5, №14 троллейбустары мурунку режимде иштеп баштады", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ Туңгуч кичи районунан Жал кичи районуна чейин каттаган №5 троллейбус Туңгуч кичи районунан 8-кичи районго чейин убактылуу каттап, ал эми №14 троллейбустун каттамы ишин убактылуу токтоткону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан