Биз социалдык тармакта

№14 троллейбус токтоп, №5тин каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бүгүн саат 10:53тө Шота Руставели көчөсү менен Жал кичи районундагы бөлүмдөгү подстанцияда кырсык болгондугуна байланыштуу тармактын ашыкча чыңалуу коркунучу болгондуктан, убактылуу өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Туңгуч кичи районунан Жал кичи районуна чейин каттаган №5 троллейбус Туңгуч кичи районунан 8-кичи районго чейин убактылуу каттайт. Ал эми №14 троллейбустун каттамы ишин убактылуу токтотту.

Каттамдар кырсыктар жоюлган соң калыбына келтирилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан