Бишкекте Айт намаз учурунда коомдук тартип бузуулар болгон жок
Бишкекте өткөн Айт намаз учурунда коомдук тартипти бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Айта кетсек, бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.