"Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын лидери алмашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Айсулуу Мамашованын ордуна фракциянын лидерлиги Сайдулла Нышановго өттү.
Өткөн жылдын 15-октябрында Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайра кайтарып алып, парламентке келгендигине байланыштуу Айсулуу Мамашова "Ата-Мекен" фракциясынын лидерлиги кызматынан өз ыктыяры менен баш тарткан.
Кайра соттук иштерге байланыштуу Текебаев лидердикти Мамашовага өткөрүп берген.
Текебаевдин мандатынын кайтарылышына каршы болгон акын Темирлан Ормуков БШКнын мындай чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылып, жеңип алган. 3-мартта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырган.